super.kg logo

"Супер күлкү жаратуучу" наамынын ээси, сакадай бою сары алтын актёр Азамат Исмаилов 34 жашта

 

"Тамашоучу", актёр Азамат Исмаилов бүгүн, 11-апрелде 34 жашка толду. Учурда режиссёрлук менен алектенип, тасма тартуунун үстүндө иштеп жүргөн Азамат Исмаиловдун сүрөттөрүн топтодук.

Азамат Исмаилов 1988-жылы 11-апрелде Нарын шаарында туулган. 6-класстан тартып Көркөм сүрөт академиясынын алдындагы мектепте, андан кийин училищеде окуган. Кийин көркөм сүрөт академиясын бүтүргөн.


"Тамашоу" долбооруна алгач "Жигиттер" командасы менен келип, кийин "Тамадалар" командасы менен оюн көргөзө баштаган. Азамат Исмаилов "Супер-Инфо" гезитинин версиясы боюнча "2010-жылдын супер күлкү жаратуучусу" деп табылган.



Ал телеалпаруучу катары да эл көзүнө көрүнүп, андан сырткары жарнамалык ролик, ырчылардын клиптерине, комедиялык тасмаларга да тартылган.


2014-жылдын күз айында Сымбат аттуу кызга баш кошуп, 2015-жылдын август айында уулдуу болушкан. 2020-жылы экинчи ирет уулдуу болушкан.


11-апрелге карата жылнаама.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 3 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: