super.kg logo

Роза Айтматова Бишкекте жаңы китебинин бет ачарын өткөрдү

 

Роза Айтматова Бишкекте жаңы китебинин бет ачарын өткөрдү. Бул тууралуу Жазаларды аткаруу кызматынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Борбор калаадагы соода жана оюн-зоок борборлорунун биринде Роза Төрөкуловна Айтматованын “Кат келди” китебинин салтанаттуу бет ачары болуп өттү.

Китеп Ильгиз Айтматовдун өмүр таржымалына, анын оор балалык жана жаш кезине арналган. 12 жашында туулуп-өскөн айылында почтальон болуп иштеген. Айыл эли Улуу Ата Мекендик согуштун оор жылдарында почтальондун келишин күн сайын ушундай тынчсыздануу менен күтүп турушкан. Анткени ал дайыма эле фронттон жакшы кабар алып келе берчү эмес.

Ачылыш аземге «Сый Урмат» коомдук бирикмесинин төрагасынын орун басары, майор Чокуев С.С. жетектеген Жазаларды аткаруу кызматынын Кайтаруу жана күзөтүү департаментинин аскер кызматкерлеринен турган делегация катышты.

Сатынды Сарыгулович жалпы жамаатынын жана «Сый Урматтын» ардагерлеринин атынан куттуктоо сөзүн сүйлөп, ошондой эле Роза Айтматовага «Айтматовдун чыгармачылыгы Ч.Т.» аттуу сүрөтүн белекке берди.

Роза Айтматова белекти ыраазычылык менен кабыл алып, бул сүрөт Чыңгыз Айтматовдун үй-музейинен татыктуу ордун ээлей тургандыгын айтты.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: