super.kg logo

Акылбек Жапаров Кавак күрөң көмүр кенинде иштеген ишкана жетекчилери менен кеңешме өткөрдү

 

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Кавак күрөң көмүр кенинде иштеген ишкана жетекчилери менен кеңешме өткөрдү. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, жыйында министрлер кабинетинин башчысы күз-кыш мезгилине чейин ишти сапаттуу жана өз мөөнөтүндө жүргүзүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи.

"Келерки кышка карата эртелеп даярданышыбыз керек. Башкача айтканда, "чанаңды жайда камда" деген кеп бар. Калк үчүн көмүр жетишсиздиги жана анын сапатынын начардыгы деген маселелер жаралбай, аны ташууда үзгүлтүктөр болбошу керек. Калкыбыз, ЖЭБ жана бюджеттик уюмдар сапаттуу отун менен тийиштүү көлөмдө камсыз болушу тийиш", - деди Акылбек Жапаров.

Иш-чарада көмүр казуучу компаниялардын актуалдуу маселелери талкууланды.

Кеңешменин жыйынтыгында көмүр казуучу ишканаларга керектөөчүлөрдү көмүр менен камсыздоо жана көмүрдүн сапатын жакшыртуу максатында кыртыш ачуу иштерин өз убагында жүргүзүү боюнча бир катар тапшырмалар берилди.

Тармактык мамлекеттик органдарга көмүр казуучу ишканаларга атайын техниканы лизингге берүү маселесин иштеп чыгуу тапшырылды.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: