super.kg logo

Жарасул Абдураимов "Кыргызалтындын" төрагасы болуп дайындалды

 

"Кыргызалтын" ишканасынын төрагасы болуп Жарасул Абдураимов дайындалды. Бул туурасында аталган ишкананын маалымат кызматы тарабынан белгилүү болду.

Бүгүн, 11-апрелде Мамлекеттик мүлктү башкаруу фонду министрлер кабинетинин төрагасы менен макулдашып, Жарасул Абдураимовду "Кыргызалтын" башкармалыгынын төрагасы кылып дайындады.

Жаңы дайындалган жетекчини эмгек жамаатка министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев тааныштырды.

Жарасул Абдураимовдун өмүр баяны:

1960-жылы Ош облусунун Алай районундагы Гүлчө айылында туулган. Үй-бүлөлүү. Эки кыз, бир уулдун атасы;

Киров атындагы Урал политехникалык институтун “электрондук жабдуулардын инженер-механиги” адистиги боюнча бүтүргөн;

1990-жылдан тарта өлкөбүздөгү ири заводдорду жетектеп келди. 2013-жылдын сентябрынан 2015-жылдын апрелине чейин “Кумтор Голд Компани” ЖАКта эмгектенген. Директордун жергиликтүү камсыздоону өнүктүрүү боюнча орун басары, ошондой эле ”Ысык-Көл облусунда өнөр жайды өнүктүрүү жана жумушчу орундарды түзүү” долбоорун жетектеген;

Экономикалык өнүгүү жана соода министрлигинин Техникалык жөнгө салуу башкармалыгынын башчысы кызматтарын аркалаган;

Азия өнүктүрүү банкынын “Евразиялык экономикалык биримдикке кирүү- мүмкүнчүлүктөрдү пайдалануу жана тобокелдиктерди жоюу” долбоорунда Кыргызстандын өнөр жай тармагын өнүктүрүү боюнча эксперт болуп иштеген;

2019-жылдын май айынан сентябрь айына чейин Экономика министринин коомдук башталышта кеңешчиси;

2020-жылдын октябрь айнан 2021-жылдын июль айына чейин өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү кызматын аркалаган;

2021-жылдын июль айынан 2022-жылдын январь айына чейин Экономика жана коммерция министринин орун басары болуп эмгектенген;

Учурда "Кыргызиндустрия" ААКсын жетектеп келет.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 1 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: