Украинага гуманитардык жардамдын биринчи партиясы жөнөтүлдү




Украинага гуманитардык жардамдын биринчи партиясы жөнөтүлдү. Бул тууралуу “Жардам берүү оңой” коомдук фондунун негиздөөчүсү Фейсбук баракчасына жазып чыкты.
Анда ал Украинага жардам катары жууркан-төшөктөр, жылуу одеяло, уктоочу мүшөк, балдардын жалаяктары, Кыргызстандын балы, консервалар, таттуулар жөнөтүлгөнүн жазды. Ошондой эле ал жардамга колун сунган ар бир кыргызстандыкка ыраазычылыгын билдирди.
Буга чейин Украинага гуманитардык жардам чогултуу иштери уюштурулуп жаткандыгы маалымдалган.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
3

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.