Асылбек Жээнбеков баш болгон делегация КМШ, ЕврАзЭШ жана ЖККУ Парламенттер аралык ассамблеясынын жыйындарына катышат
Төрага Асылбек Жээнбеков баш болгон Кыргыз Республикасынын Жогорку
Кеңешинин делегациясы 2013-жылдын 27-29-ноябрь күндөрү Санкт-Петербург шаарында
өтө турган КМШ Парламенттер аралык ассамблеясынын, Евразия экономикалык
шериктештигинин Парламенттер аралык ассамблеясынын, Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишим уюмунун Парламенттик
ассамблеясынын кезектеги жыйындарына катышат. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин
басма сөз кызматынан бүгүн, 27-ноябрда кабарлашты.
Автор: Темирбек Матаев
Жогорку Кеңештен барган делегация “Азыркы дүйнөдөгү ядролук коопсуздук.
Ядролук куралсыздандыруу жана жайылтпоо процессинде парламентчилердин ээлеген
орду” аталыштагы теманын тегерегинде эл аралык конференцияга катышат.
Иш сапардын жүрүшүндө төрага Асылбек Жээнбековдун Орусия Федерациясынын Федералдык Жыйынынын Мамлекеттик Думасынын Төрагасы Сергей Нарышкин, Орусия Федерациясынын
Федералдык Жыйынынын Федералдык Кеңешинин Төрайымы Валентина Матвиенко,
Казакстан Республикасынын Парламент Мажилисинин Төрагасы Нурлан Нигматулин
менен жолугушуусу күтүлүүдө.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
16:36
2025-07-17
19:12
2025-07-15
20:13
2025-07-14
Рейтинг:
0

