Дзюдо боюнча ардагерлер арасындагы Дүйнө чемпиондугунда кыргызстандык Жаркынбек Шамбетов чемпион аталды
Кыргызстандык Жаркынбек Шамбетов Бириккен Араб Эмираттарында өтүп жаткан ардагерлер арасындагы Дүйнө чемпиондугун утуп алды. Бул тууралуу Эл аралык дзюдо федерациясы билдирет.
Маалыматка ылайык, мелдеште Жаркынбек Шамбетов 45-49 жаш курагындагы спортчулар арасында 60 килограмм салмак категориясында финалда италиялык Сальваторро Палиллону утуп алды. Финалдык беттеш кечээ, 26-ноябрда орун алды.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.