super.kg logo

"Төрөлүү жана өлүм онлайн каттоого алынат". Саламаттыкты сактоо министрлиги жаңы системаны ишке киргизди

 

Бүгүн, 12-апрелде Бишкектеги саламаттыкты сактоо мекемелеринде адамдын төрөлүшүн жана өлүмүн онлайн түрдө каттоого алуучу санариптик системанын пилоттук долбоору ишке киргизилди. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинен кабарлашты.

Маалыматка ылайык, аталган система адамдын төрөлгөнүн онлайн түрдө борборлоштурулган каттоого мүмкүндүк берет. Ошондой эле эне жана бала тууралуу негизги көрсөткүчтөрдү, төрөт жана ден соолукка байланышкан маанилүү маалыматтарды каттоого алууга шарт түзөт. Мындан тышкары адамдын өлүмүн дүйнөлүк тажрыйбага ылайык өлүм себебин көрсөтүү менен тизмеге киргизет.

Министрликтен белгилешкендей, система адамдын турмуштук абалы тууралуу маалыматтарды толугу менен санариптештирүү максатында ишке ашырылды. Муну менен катар тиешелүү документтерди бирдиктүү форматта алуу жеңилдигин жаратары белгиленди.

Долбоор саламаттыкты сактоо тармагын санариптик жактан максаттуу өнүктүрүүнүн жана "Санарип МЕD" программасынын алкагында иштелип чыккан.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: