super.kg logo

COVID-19: Кыргыз өлкөсүнө кирип, чыгуу эрежелери бекитилди

 

Республикалык штаб Кыргыз өлкөсүнө кирип, чыгуу эрежелерин бекитти. Бул тууралуу штабдан билдиришти.

Кыргыз Республикасынын жарандары, чет өлкөлүк жарандар жана жарандыгы жок адамдар эл аралык аба каттамдар жана унаа каражаттары менен мамлекеттик чек араны кесип өтүүдө ПЦР-тестинин терс жыйынтыгын (акыркы 72 саатта активдүү) же эмдөөнүн толук курсунан өткөндүгү жөнүндө тастыктаманы көрсөтүүгө тийиш.

ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин жарандары документтердин санариптик версиясы үчүн “COVID-19суз саякаттайм” мобилдик тиркемесин колдоно алышат.

Учактын ичинде милдеттүү түрдө бет кап тагынуу жана антисептиктерди колдонуу керек, ошондой эле COVID-19дун клиникалык белгилери жок жүргүнчүлөр гана киргизилет. ПЦР-тестинин мөөнөтү объективдүү себептерден улам (72 саат) аяктаган учурда жүргүнчүлөр экспресс-тесттен өтүүгө милдеттүү.

12 жашка чейинки балдарга эмдөө сертификаты же терс ПЦР-тест керек эмес.

ПЦР-тесттин терс натыйжасы (акыркы 72 саатта активдүү) же эмдөөнүн толук курсу жөнүндө тастыктама өлкөдөн чыгуу үчүн да талап кылынат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: