super.kg logo

Эрлан Абдылдаев Кыргыз мамлекетинин Тажикстандагы элчиси болуп дайындалды (өмүр баяны)

 

Эрлан Абдылдаев Кыргыз мамлекетинин Тажикстандагы элчиси болуп дайындалды. Бул тууралуу президенттик администрациянын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, тийиштүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койду.

Эрлан Абдылдаев 1966-жылдын 21-июлунда Казакстандын Алматы шаарында туулган.
Эрлан Абдылдаев 1989-жылы Москва мамлекеттик эл аралык байланыштар институтун аяктаган, эл аралык байланыштар адистигине ээ болгон.
  • Эмгек жолун 1989-жылы Социалисттик Азия өлкөлөрү боюнча башкармалыгында СССР Тышкы иштер министрлигинин референти болуп баштаган.
  • 1989-1994-жылдары – СССР элчилигинин атташеси, 3-чү катчысы, Орусиянын Кытай Эл Республикасындагы элчилиги;
  • 1994-1997-жылдары – Кыргыз Республикасынын президентинин администрациясынын эл аралык бөлүмүнүн референти, консультант-эксперти;
  • 1997-1998-жылдары – Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин департаментинин мүдүрүнүн орун басары;
  • 1998-2001-жылдары – Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министринин орун басары, биринчи орун басары;
  • 2001-жылдан 2005-жылдын 12-сентябрына чейин Кыргыз өлкөсүнүн Кытай Эл Республикасынын атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси. Бир эле мезгилде Кыргыз Республикасынын Монголиядагы, Сингапурдагы жана Таиланддагы элчиси.
  • 2005-2007-жылдары Коомдук саясат институтунун эксперти;
  • 2007-2012-жылдары Кыргызстандагы согушту жана тынчтыкты чагылдыруу боюнча институттун мүдүрү;
  • 2012-2018-жылдары тышкы иштер министри болуп иштеген.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 4 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: