super.kg logo
  Саясат  

Швеция парламентинин депутаттары менен стратегиялык өнүгүү маселелери талкууланды

 

Президенттин администрациясынын саясий жана экономикалык изилдөөлөр башкармалыгынын башчысы Алмаз Исанов Швеция Королдугунун парламентинин депутаттары менен жолугушту. Бул тууралуу президенттик администрациядан билдиришти.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар өлкөнүн социалдык-экономикалык абалын, стратегиялык өнүгүү маселелерин жана маанилүү улуттук артыкчылыктарды, анын ичинде 2030-жылга чейин Туруктуу өнүгүү максаттарга жетишүүнү тездетүү маселелерин талкуулашты.

"Президент ушул жылды Тоолордун экосистемасын коргоо жана климаттык туруктуулук жылы деп жарыялады. Бул тема өлкөлөр ортосундагы эки тараптуу кызматташтыктын артыкчылыктуу багыты катары саналат. Биз улуттук артыкчылыктар катары жашыл, санариптик жана креативдүү экономиканы өнүктүрүүнү алга коюп жатканыбызды белгилегим келет", - деди Алмаз Исанов.

Швециянын парламенттик делегациясы белгилегендей, алардын өлкөсү карапайым адамдардын жашоо сапатын жакшыртууга багытталган демилгелерди колдоого алат.

"Мен үчүн өлкө жетекчилиги тармактык илимдин далилдеринин негизинде чечимдерди кабыл алып жатканын угуу кубанычтуу", - деди парламентарий Дженин Алм Эриксон.

Маалымат үчүн: Швеция Королдугунун парламентарийлер делегациясы 2022-жылдын 10-апрелинен 15-апрелине чейин Кыргыз Республикасында жүрөт. Сапарды БУУнун өнүктүрүү программасынын Кыргыз Республикасындагы туруктуу өкүлчүлүгү Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги жана БУУнун өнүктүрүү программасынын Түндүк кеңсеси менен биргеликте уюштурган.

Иш сапардын максаты - Кыргыз Республикасынын мисалында Борбор Азия өлкөлөрүнүн өнүгүү артыкчылыгын изилдөө жана БУУӨП аймактагы долбоорлорун колдоодо артыкчылыктуу багыттарды аныктоо. Иш сапардын алкагында швециялык депутаттардын өлкөбүздүн бир катар аймактарына баруусу пландалууда.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: