super.kg logo

Карыз алуучулардын арыздарын иликтөө боюнча мекемелер аралык комиссиянын кезектеги жыйыны өттү

 

Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Арзыбек Кожошев зайым каражаттары боюнча карыз өндүрүүдө мыйзам бузуу фактылары жөнүндө маалымдаган жарандардын арыздарын иликтөө боюнча ведомстволор аралык комиссиянын жыйынын өткөрдү. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Жыйындын жүрүшүндө карыз алуучулардын арыздарын изилдөө боюнча эксперттик жумушчу топтун ишинин алдын ала жыйынтыктары каралды.

Арзыбек Кожошев белгилегендей, эксперттик топ тарабынан кайрылуулардын көптүгүнө карабастан, ар бир кайрылуу тыкыр иликтенип, айрымдары боюнча оңдуу чечимдер кабыл алынган.

"Жумушчу топ тарабынан көлөмдүү иштер аткарылды. Зайым каражаттарын алууга муктаж жарандардын саны жогорулагандыгын эске алуу менен юридикалык жана физикалык жактарга кредит берүү укугуна ээ болгон финансылык институттардын «Кыргыз Республикасында сүткорлук ишти чектөө жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзам ченемдерин сактоосуна карай мониторинг жүргүзүү маселеси каралды", - деди Арзыбек Кожошев жана комиссиянын иши улантыларын кошумчалады.

Белгилесек, ведомстволор аралык комиссия министрлер кабинетинин 2011-жылдын 21-декабрындагы чечимине ылайык түзүлгөн.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: