super.kg logo

Британ компаниясы менен элчи Кыргыз жарандарын жумушка тартуу үчүн бөлүнгөн квотаны көбөйтүүнү талкуулашты

 

Кыргыз жарандарын Улуу Британияда убактылуу ишке орноштуруу боюнча сүйлөшүүлөр жүргүзүлдү. Тышкы иштер министрлигинен билдиришкендей, Кыргызстандын Улуу Британиядагы Элчиси Улан Джусупов британиянын фермердик чарбаларында жарандарды убактылуу ишке орноштуруу боюнча "AGRI-HR" британ рекрутингдик компаниясынын директору Ян-Вилл Наребут менен жолугушту.

Тараптар Кыргыз жарандарын убактылуу жумушка тартуу боюнча кызматташуунун мындан аркы келечегин, кыргызстандыктарды айыл чарба иштерине тартуу үчүн бөлүнгөн квотаны 2023-жылдан баштап 2-3 миң адамга чейин көбөйтүү мүмкүнчүлүгүн талкуулашты.

Жолугушуунун жыйынтыгында май айынын аягында Улуу Британияга сезондук жумушка барган Кыргыз жарандарынын биринчи тобунун биргелешкен жолугушуусун уюштуруу, ошондой эле алардын жашоо шарттары, эмгекти уюштуруу жана жашоонун башка жактары менен таанышуу максатында Англия чарба фермаларынын бирине баруу боюнча макулдашуу түзүлдү.

Белгилей кетсек, 2022-жылдын 16-мартында Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигине караштуу Жарандарды чет өлкөдө ишке орноштуруу борбору менен британиялык "AGRI HR" компаниясынын ортосунда Кыргыз жарандарын жумушка тартуу мүмкүнчүлүгү жөнүндө макулдашууга кол коюлган. Кыргыз Республикасы үчүн 2022-жылга бөлүнгөн квота 1000 адамды түзөт.

"Agri-HR" расмий сайтында арыз толтуруп, толугу менен маалымат алып жана иштөө шарттары менен таанышса болот.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: