super.kg logo

Тажикстан окуя болгон жерге кошумча күчтөрдү жана каражаттарды топтоп жатканы кабарланды

 

Бүгүн, 12-апрелде Кыргыз-Тажик чек арасында эки ирет ок атышуу орун алды. Экинчи жолку ок атышууда Тажик тарап Баткендеги Достук айылын миномёт менен аткылаганы кабарланган. Кийинчерээк тажиктер миномёттон атууну токтоткону менен кырдаал курчуганы маалымдалды.

Чек ара кызматынан саат 22:50дөн 23:16га чейин Тажикстан миномёттун атууну токтоткону менен Баткен районундагы Радар-1 участогунда тажик тарап Кыргыз аскер кызматкерлерин маал-маалы менен аткылаганын билдирет.

"Мындан тышкары окуя болгон жерге тажик тарап кошумча күчтөрдү жана каражаттарды топтоп жатканы катталды.

Укук коргоо органдары менен мамлекеттик органдардын өз ара аракеттенүүсүн координациялоо Коопсуздук кеңештин катчысы Марат Иманкулов тарабынан жүргүзүлүүдө. УКМКнын Чек ара кызматы кырдаалды турукташтыруу үчүн бардык чараларды көрүп жатат", - дешти маалымат кызматынан.

Белгилей кетсек, Лейлек районундагы Селкан участкасында тажик чек арачылары чек аранын шарттуу сызыгынан өтүп, Кыргызстандын аймагына 20 метр тереңдик менен кирип кеткен. Мындан улам кыргыз чек ара отряды асманга эскертүү иретинде ок чыгарган. Тажиктер буга жооп кылып кыргыз чек арачыларына ок чыгарган. Анын кесепетинен эки тараптан тең аскерлер жаракат алышкан.

Кийинчерээк тажиктер экинчи ирет ок чыгарып, Достук айылын миномёттон атып баштаган. Саат 22:15те Тажик тарап Достук айылын миномёттон атууну токтотконун бирок кырдаал курчуганы белгилүү болгон.







 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -3 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: