super.kg logo

Жогорку Кеңештин комитети Ички иштер министрлигине тиешелүү борборлордун иши менен таанышты

 

12-апрелде Жогорку Кеңештин Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитетинин көчмө жыйыны өттү.

Көчмө жыйындын жүрүшүндө тармактык комитеттин депутаттары Ички иштер министрлигине, Коомдук коопсуздук кызматынын Ыкчам башкаруу борборуна, Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын Мониторинг борборуна барып, алардын ишмердүүлүгү менен таанышты.

Учурда коомдук коопсуздукту сактоо максатында жалпы жети облустун борбордук көчөлөрүнө 136 видео камера орнотулган. ИИМдин Коомдук коопсуздукту сактоо бөлүмүнүн башчысы Сталбек Рахмановдун айтымында, үч ай ичинде камералардын жардамы менен 700дөн ашуун кылмыштын бети ачылган. Ал эми тартылган видео тасмалар сервисте үч ай сакталып турат.

Комитет мүчөлөрү Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын ишмердүүлүгүн жеринде көрүп чыгып, “Коопсуз шаар” долбоорунун учурдагы абалын такташты. Тиешелүү кызматкерлер “Коопсуз шаар” долбоорунун 1-этабын ишке ашыруу максатында Бишкек шаарынын көчөлөрүндө 90 стационардык жана 20 көчмө аппараттык-программалык комплекстери иштеп жатканын ырасташты. Анын ичинен 42си Бишкек шаарынын көчөлөрүнүн кесилиштерине жана көпүрөлөрдүн астына, 38и Чүй облусу менен Бишкек шаарынын унаа жолдоруна орнотулган.

Белгилей кетсек, жалпы коомчулуктун коопсуздугун сактоо максатында жогорудагыдай видео камераларды шаарларга гана эмес, эми регион, айылдарга дагы орнотуу пландалууда.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: