"Балдар коркуп, көчөгө чыгып, унаа менен Достук айылын көздөй качтык" дейт Арка-2 айылынын тургуну
Кечээ Баткен облусунун чек ара тилкесинде ок атышуу орун алган. Буга байланыштуу 644 адам эвакуацияланды. Учурда чек арада абал тынч. Баткен облусунун Лейлек районунун Арка-2 айылынын тургуну Гүлжамал Умаралива түндө эвакуация болуп, учурда үйүнө кайтып келгенин билдирди.
"Чек арага жакын Арка-2 деген айылда жашайбыз. Жолдун алдында Тажикстандын аймагы, үстү жагында биз жашайбыз.
Кечээ ооз ачкан соң жолдошум мечитке кетти. Биз үйдө отурганда терезелер калдырап калды. Тажик тарап миномёт менен аткылап башташыптыр. Ок биздин айылдын үстүнөн өтүп жатты. Алар аскердик бөлүктү көздөй аткылап жатты. Балдар коркуп, көчөгө чыгып унаа менен Достук айылын көздөй жөнөдүк. Жолдошум айылда мечитте калган. Маргун айылына эвакуация болдук. Келме келтирип, жаман абалда калдык. Кинодогудай эле болду. Өткөнкү жолу мынчылык болгон эмес болчу. Маргунга жеткенибизде айыл башчылар чалып сүйлөшүүлөр болуп жатканын айтышты", - деп билдирди айыл тургуну.
Мындан тышкары ал учурда үйүнө кайтып келгенин, үйүнө ок тийбегенин кошумчалады.


