"Кто ты, детка?" деген сөздөр жүрөт. Депутат мектепке электрондук каттоодо кетирилген каталар боюнча маселени кароону сунуштады
Депутат Дастан Жумабеков мектепке электрондук каттоодо кетирилген каталар боюнча маселени кароону сунуштады. Бул тууралуу ал бүгүн, 13-апрелде Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.
"Мектепке 1-класстарды кабыл алуу боюнча электрондук каттоо жүрүп жатат. Бир апта мурун талкуу катуу болду. Биз бул жерден билим берүү жана илим министрин аябай мактадык эле. Бирок жыйынтыгы билинип калды. Анкета толтуруудагы каталарга баарыбыз күбө болдук. Ойго келгис сөздөр жазылып калыптыр. "Кто ты, детка?" деген сөздөр жүрөт. Бул уят нерсе. Мындай маселе каралышы керек", - деди Дастан Жумабеков.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
8:26
2025-07-21

10:35
2025-07-19

9:14
2025-07-19
Рейтинг:
-2

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.