"Жүрчү сүйлөшөлү". Бишкекте айдоочулар жеке компанияга каршы митингге чыгышты



Бүгүн, 13-апрелде Чүй, Нарын жана Ысык-Көл облусунун айдоочулары "Трансэксперт" ачык акционердик коомуна каршы Аkipress маалымат агенттигинин алдына митингге чыгышты.
Аталган акционердик коом маалымат жыйын бермек. Айдоочулар алар элдин башын айлантып жатат деп нааразычылыгын билдиришти.
"Бул ачык акционердик коом ОПГлар менен биригип алып айдоочуларды коркутуп, себепсиз ар бир жүк ташуучу унаа үчүн 50 доллардан алып турушчу. Буга каршы чыкканыбыздан кийин алар элдин башын айлантып, маалымат жыйын беребиз деп жатышат. Биз буга каршыбыз", - деди айдоочу Максат Дүйшеев.
"Жүрчү сүйлөшөлү". Бишкекте айдоочулар жеке компанияга каршы митингге чыгышты
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
8:26
2025-07-21

10:35
2025-07-19

9:14
2025-07-19
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.