super.kg logo

"Күнүнө 5 миң долларга чейин алышчу". Кытайга каттаган айдоочулар компанияга нааразычылыгын билдирип чыгышты

 

Бүгүн, 13-апрелде Кытайдан Кыргызстанга жүк ташыган айдоочулар аларды "Трансэксперт" аттуу ачык акционердик коом каралап жатканын айтып, маалымат жыйын өткөрүштү.

Анда айдоочулар чек арадан жүк өткөрүп бергени үчүн "Трансэксперт" аттуу компания эч себепсиз ар бир унаадан 50 доллардан алып турганын айтышты.

"2021-жылы ушундай бир топ болгон адамдар пайда болгон. Алар ассоциация ача калышып эле кытай тилин билген адам таап, кытайлар менен сүйлөшүп ортомчу болуп, 8 айдай ар бир айдоочудан, мындайча айтканда "каракчылык" кылып 50 доллардан алып турган. Булардын чөнтөктөрүнө күнүнө 3 миңден 5 миң долларга чейин түшүп турган. Бул сумма өсүп баштаганда октябрь айында биз президентке кайрылганбыз. Андан кийин маселе чечилип, биз өзүбүз эле кезек күтүп каттап иштеп баштаганбыз", - деди айдоочу Максат Дүйшеев.

Андан кийин Дүйшеевдин айтымында, аталган жарандар март айынан берип кайра пайда болуп, "Трансэксперт" аттуу компания түзүп алышып, айдоочуларды каралоого өтүшкөн.

"Булардын атын айта кетейин, Сагындык Садаканов, Эдил Мухаммедов аттуу жарандар. Бул жарандардын Нарында дагы топ бөлүгү иштейт. Бул адамдарга чара көрүлүш керек. Булар чек арадан унаалардын өткөнү көбөйгөнүн угуп алып, кайра пайда болушту", - деди ал.

Бүгүн, 13-апрелде "Трансэксперт" ачык акционердик коому маалымат жыйын бермек. Бирок айдоочулар ага каршы чыкканда алар маалымат жыйын бербей кетип калышты.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: