Алымкадыр Бейшеналиев: "Президент "лопух" деген сөзүм үчүн мага жини келип урушту"
Өлкө башчы Садыр Жапаров саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиевди этиканы сактап жүрүүсүн айтып урушту. Бул тууралуу министр өзү SUPER.KG порталына билдирди.
"Кээде мен эмоцияга алдырып жиберген учурларымды президент угуп, урушту. "Этиканы сакта" деп урушту. Эми ажобуз болгондон кийин урушат да. "Лопух" жана башка сөздөрүм үчүн. Ошондон эле бир аз ката кетти. Калганы баары жакшы. Менин реформамды колдоп жатат. Андан кийин мен дагы күчтөндүм, жакында дагы реформаларды көрө аласыңар", - деди Алымкадыр Бейшеналиев.
10-мартта Алымкадыр Бейшеналиев көздүн микрохирургиясы клиникасынын жетекчиси Алмазбек Исманкулов менен телефон аркылуу байланышып, аны "лопух" деп айткан.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
8:26
2025-07-21

10:35
2025-07-19

9:14
2025-07-19
Рейтинг:
1

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.