super.kg logo

Депутат пенсиялык реформа жаш куракка таасир этпеши керектигин айтты

 

Депутат Исхак Масалиев пенсиялык реформа жаш куракка таасир этпеши керектигин айтты. Бул тууралуу ал "Парламент" радиосуна берген маегинде билдирди.

"Пенсиялык системаны реформалоодогу кадамдарга карата айтылып жаткан жаңылыктар жүзөгө шыр ашып кетеринде күмөн бар. Себеби коомчулуктун пикири ар кыл. Мен мындай жаңылыкты колдобойм.

Азыркы пенсиялык системага сунушталып жаткан жаңылык туура эмес чечим. Министрлер кабинети бул жагынан тынымсыз иштеп, элдин жашоо шартын жакшыртууга көңүл бурушу керек. Аз айлык менен иштеп жаткан мугалимдер ардактуу эс алууга чыкканда кадр жетишсиздигинен айрымдары иштеп жүрөт. Аларды пенсиясыз калтырып "айлыгыңды эле кара" деген адилет болбой калат. Алар канча тажрыйбасын жумшап, мээнет менен жеткен пенсиясын жокко чыгарып салуу сабатсыз иштин жыйынтыгы болуп калмак. Врачтар арасында деле ушундай көрүнүш. Жалпысынан союздун тушундагы мисалга келсек, анда аялдар 55 жаштан пенсияга чыкса, азыркы жаштын узартылышы ансыз да түйшүкчүл жан аялзатына кош көңүлдүк кылганга барабар болуп калат", - деди ал.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: