"Асман" шаарын курууга келген инвесторлор Ысык-Көлдү кыдырып жүрөт (фото)





Ысык-Көлгө курула турган “Асман” долбоорунун инвесторлору учурда аталган аймакты көрүп жүрүшөт. Мындай сүрөттөр социалдык тармактарга тарады.
Бүгүн, 13-апрелде "Асман" долбоорунун жетекчиси Руслан Акматалиев Франциядан атайын инвесторлор келгенин, алар менен чогуу азыр Ысык-Көлдө жүргөнүн айткан.
Январь айында "Асман" шаарын курууну Тимур Файзиев жетектей турганы кабарланган. 15-февралда министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров маалымат жыйын учурунда Тимур Файзиев 1 миллион долларга жакын акчасын сарптап иштеп баштаганын билдирген. Бирок бүгүн, 13-апрелде Тимур Файзиевдин ордуна долбоордун автору Руслан Акматалиев жетекчи болуп дайындалганы кабарланган.
.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
8:26
2025-07-21

10:35
2025-07-19

9:14
2025-07-19
Рейтинг:
-3

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.