Баткен, Лейлек райондорунун тургундары үйлөрүнө кайтып барышууда
Бүгүн, 13-апрелде саат 15:00гө карата Баткенде абал турукташып, тургундар үйлөрүнө кайта баштады. Маалыматты Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен кабарлашат.
Белгилүү болгондой, Баткен облусунун Лейлек жана Баткен райондорунда абал турукташып, Өзгөчө кырдаалдар министрлиги тарабынан убактылуу жайга жайгаштырылган 708 адам туруктуу жашаган ордуларына жеткирилди.
Ал эми өз алдынча туугандарыныкына жайгашкан 17 миң 799 жаран өз алдынча үйлөрүнө келишти.
Жарандарды ташуу үчүн министрликтен 80ге жакын куткаруучу, 3500 литр күйүүчү май, 200 комплект төшөк (матрац, шейшеп, жууркан жана башка) жана райондук жарандык коргонуунун автотранспорт кызматынан 40ка жакын спринтер, жеңил унаалар тартылды.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
8:26
2025-07-21

10:35
2025-07-19

9:14
2025-07-19
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.