Мамлекеттик салык кызматы эртең контролдук-кассалык машиналар системасы убактылуу өчүрүлөрүн эскертет
Мамлекеттик салык кызматы контролдук-кассалык машинанын колдонуучуларына кайрылат. Аталган кызматтын маалыматына ылайык, эртең контролдук-кассалык машиналарды программалык камсыздоо системасында техникалык иштер жүргүзүлөт. ⠀
"Эртең, 14-апрелде саат 12:00дөн 15-апрель саат 09:00гө чейин программалык контролдоо-кассалык машиналарды башкаруу системасын оптималдаштыруу боюнча техникалык иштер башталат. Иш-чаралар ККМ программасынын ишинин сапатын жогорулатуу максатында өткөрүлөт. Буга байланыштуу жогоруда көрсөтүлгөн сааттарда система убактылуу өчүрүлөт. Убактылуу ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайбыз", - дешет мекемеден.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
8:26
2025-07-21

10:35
2025-07-19

9:14
2025-07-19
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.