super.kg logo

“Дүйнөлүк көчмөндөрдүн модасы. Ысык-Көл - 2022” аталышындагы иш-чара өттү

 

“Дүйнөлүк көчмөндөрдүн модасы. Ысык-Көл - 2022” аталышындагы иш-чара өттү. Бул тууралуу Кыргызпатент мекемесинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, кечээ, 13-апрелде Кыргызпатенттин Инновациялык борборунда “Дүйнөлүк көчмөндөрдүн модасы. Ысык-Көл - 2022” аталышындагы тегерек стол өткөрүлдү.

Иш-чара Кыргызпатент жана "Мода индустриясы" компаниясы тарабынан уюштурулду.

Тегерек столду Кыргызпатенттин директорунун биринчи орун басары Исламбек Мойдинов ачып берип, Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары Союзбек Надырбеков сөз сүйлөп, жаш дизайнер Чолпонай Алмаз кызынын “Мурас” коллекциясы көрсөтүлдү.

"Дүйнөлүк көчмөндөр модасы. Ысык-Көл - 2022" фестивалынын июль айында өтө турган программасы тааныштырылып, талкууга алынды.

Иш-чарага кыргыз мода индустриясынын өкүлдөрү, кол өнөрчүлөр катышышты.

Маалымат иретинде:

“Мода индустрия” компаниясы бүгүнкү күндө эл аралык деңгээлдеги үч долбоорду ишке ашырып келе жатат. Бул жылы өтө турган иш-чарага 70ке жакын мамлекеттин маданият өкүлдөрү, дизайнерлер чакырылды. Жай айында өтүүчү фестиваль 7 күндүк программаны камтып, кереметтүү Ысык-Көлдүн жээгинде Рух-Ордо маданий-мурастар комплесинде өткөрүлөт.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: