super.kg logo

“Шоу-бизнес жылдыздары, блогерлер, абайлагыла”. Милиция каржы пирамидасы тууралуу билдирүү жасады

 

Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгы жарандарды алдамчылардан сак болууга чакырган видеоролик жарыялады.

Анда каржы пирамида, тармактык маркетинг, турак жай, унаа, үй-тиричилик буюмдарын алып берүүнү убадалаган кооперативдерге катталууда этият болуу керектиги айтылат.

Ошондой эле акча салса тез арада көбөйөрүн белгилеген түрдүү криптовалюталарды сатып алууда ойлонуп чечим чыгаруу зарылдыгы белгиленет. Телефон алдамчылары дагы ар кандай жолдор менен жарандардын ишенимине кирип, каржылык чыгымга алып келиши мүмкүндүгү айтылат.

"Шоу-бизнес жылдыздары, блогерлер, тез арада көп акча табуу схемаларын жана дарыгер менен кеңешилбеген дарыларды жарнамалоодо маанисине көңүл буруңуздар. Буга чейин сиздер жарнама кылгандар алдамчылыкка шектелип абакта отургандары да бар. Канчалаган карапайым адам кооз сүйлөп азгыргандардын айынан материалдык чыгымга дуушар болуп калууда", - деп айтылат билдирүүдө.






Алдамчылар

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: