super.kg logo

Кыргызстан-Тажикстан тышкы иштер министрлери телефон аркылуу сүйлөштү. Талкууланган маселелер

 
Тышкы иштер министри Руслан Казакбаев Тажикстандын тышкы иштер министри Сироджиддин Мухриддин менен телефон аркылуу сүйлөштү. Бул тууралуу мекеменин маалымат кызматынан билдиришти.
Маалыматта жызылгандай, эки тарап кыргыз-тажик кызматташтыгынын актуалдуу маселелерин, аймактык коопсуздук маселелерин талкуулашты.

Cүйлөшүүнүн жүрүшүндө жакынкы аралыкта жогорку жана эӊ жогорку деңгээлдеги иш-чараларды уюштуруу, анын ичинде тараптардын компетенттүү органдарынын эки тараптуу жолугушуулары боюнча пикир алмашуу болду. Министрлер чек ара чөйрөсүндө ишеним чараларын бекемдөө жана мамлекеттик чек аранын калган тилкелерин тактоо боюнча ишти улантуу зарылчылыгы жөнүндө бир пикирде болушту.

Мындан тышкары министрлер Борбордук Азия мамлекеттеринин башчыларынын төртүнчү Консультативдик жолугушуусунун, ошондой эле Бишкекте пландаштырылган «БА-ЕККУ кызматташтыгынын 30 жылдыгы» жогорку деңгээлдеги жолугушуунун алкагында боло турган тышкы саясий иш-чаралар боюнча пикир алмашышты.

Эки тарап кыргыз-тажик өз ара аракеттенүү маселелерин талкуулоо үчүн туруктуу байланышты кармоого макулдашышты.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: