"3 сүйлөмдө 10 ката бар". Депутат министрлер каттардын маңызын карабай кол коюп жатканын айтты
Депутат Эмил Жамгырчиев министрлер каттардын маңызын карабай кол коюп жатканын айтты. Бул тууралуу ал бүгүн, 14-апрелде Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.
"Ар бир жыйында депутаттар тарабынан бир топ сунуштар берилет. Бирок анын баары кагаз жүзүндө эле калып калат. Акыркы маселени ала турган болсом. Министрдин атын атабай эле коёюн, болгону 3 сүйлөм жазат. Ошондо 10 ката чыгып жатат. Жетекчилик кайсы жакты карап жатат? Ал маңызын дагы караган жок, жөн эле кол коё берген", - дейт депутат.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
23:41
2025-07-09

Рейтинг:
5

