Тажик элчилигинин алдына митингге чыккандар эл аралык коомчулукту Рахмонго санкция салууга чакырышты

Өз элинин ичиндеги толкундоолорду кармап туруу үчүн Кыргызстанга куралдуу кол салган Рахмонго эл аралык деңгээлде санкциялар салынышы керек. Мындай пикирин Бишкектеги тажик элчилигинин алдындагы митингде активист Урмат Жаныбаев билдирди.
"Рахмон диктатор болгон үчүн тажик эли буга нааразы. Андыктан элдин толкундоосун токтотуп туруу үчүн кандайдыр бир себептерди издеп жатат. Ал мына ушундай нерсе катары Кыргызстанды тандап алды. Рахмон бийликте отурганда бул нерсе токтобойт. Эл аралык коомчулукту Рахмонго каршы санкцияларды киргизүүгө чакырам", - деди Урмат Жаныбаев.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
8:26
2025-07-21

10:35
2025-07-19

9:14
2025-07-19
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.