Өлкөдө 9-майда аскердик парад уюштурулбайт
Өлкөдө 9-май Жеңиш күнүнө карата аскердик парад уюштурулбайт. Бул тууралуу Коргоо министрлигинен билдиришти.
Билдирүүгө ылайык, Жеңиш күнү "Ала-Тоо" аянтында митинг-реквием жана "Өлбөс полк" жүрүшү уюштурулат.
Иш-чарага согуштун ардагерлери жана тыл эмгекчилери, ардагерлер уюмдарынын, чет мамлекеттердин аскердик дипломатиялык корпусунун өкүлдөрү, ошондой эле борбор калаанын тургундары жана коноктору катышат.
Быйыл коңшу Казакстанда Жеңиш күнүндө парад уюштурулбайт.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
8:26
2025-07-21

10:35
2025-07-19

9:14
2025-07-19
Рейтинг:
4

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.