super.kg logo

Өлкөдө стоматологиялык клиникалар текшерүүгө алына баштады

 

Кыргызстанда вирустук гепатит оорусу күчөп жаткандыгына байланыштуу өлкөдөгү стоматологиялык клиникаларды текшерүү башталды. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинен билдиришти.

Билдирүүгө ылайык, стоматологиялык клиникалардын лицензиялык талаптарга ылайык келүүсү текшерилет.

"Бишкек шаары боюнча комиссиянын курамына 70 менчик стоматологиялык клиникалар кирет, алардын 19у медициналык ишмердүүлүк жүргүзүүгө уруксаты жок. Калктын саламаттыгын сактоо чөйрөсүндөгү мыйзамдарды бузгандыгы үчүн борбор калаанын Оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борбору тарабынан 300 миң сом өлчөмүндө мыйзам бузуулар боюнча протоколдор түзүлдү", - деп айтылат министрликтин билдирүүсүндө.

Ошондой эле министрлик ушундай эле текшерүү менчик медициналык клиникаларда жана фармацевтикалык уюмдарда жүргүзүлүп жатканын белгиледи.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: