super.kg logo

Кыргыз-өзбек соода-экономикалык маселелери талкууланды

 

Акылбек Жапаров Өзбекстандын премьер-министринин орун басары – инвестиция жана тышкы соода министри Сардор Умурзаков менен жолугушту. Бул тууралуу министрлер кабинетинен билдиришти.

Ага ылайык, жолугушуунун жүрүшүндө тараптар соода-экономикалык, суу-энергетикалык, инвестициялык, айыл чарба жана транспорттук логистика тармагындагы актуалдуу маселелер талкууланды. Мындан тышкары Камбар-Ата-1 ГЭСин куруу долбоорун ишке ашыруу маселесин талкуулашты.

"Эки мамлекеттин башчылары тарабынан товар жүгүртүүнүн көлөмүн 2 миллиард долларга жеткирүү боюнча коюлган тапшырмасын аткаруу үчүн биргелешкен ишканаларды, мал чарба кластерлерин, логистикалык борборлорду, Кыргыз өлкөсү менен Өзбекстандын ортосундагы чектеш аймакта эркин экономикалык аймакты (өнөр жай) түзүү аркылуу өз ара соода көрсөткүчүн жогорулатуу үчүн шарттарды түзүүнү сунуштайбыз", - деди Жапаров.

Акылбек Жапаров кошумчалагандай, Өзбек-Кыргыз өнүктүрүү фондунун ишинин алкагында кыргыз тарап алгачкы этапта Кызыл-Кыя шаарында чектеш соода боюнча соода-логистикалык борборун куруу, аталган борборду «Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан» мультимодалдык транспорттук коридор менен бириктирүүчү «Эркеч-Там-Дароот-Коргон-Үч-Коргон» унаа жолун куруу сыяктуу артыкчылыктуу долбоорлорду сунуштоодо.

Сардор Умурзаков өз кезегинде өзбек тараптын эки өлкө ортосунда мурда жетишилген бардык келишимдерди ишке ашырууга жана эки тараптуу кызматташтыкты тереңдетүүгө ынтызар экендигин белгиледи. Ал Өзбек-Кыргыз өнүктүрүү фондунун иши ийгиликтүү болоруна ишенимин билдирди.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: