super.kg logo

Сокулук районунда алдамчылыкка шектүү кармалды

 

Сокулук районунда алдамчылыкка шектүү кармалды. Бул тууралуу Чүй ОИИББинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, милицияга 17-февраль күнү 1975-жылы туулган К.А. аттуу жаран арыз менен кайрылган. Анда чала тааныш кишиге жана аны менен чогуу жүргөн бир топ жарандарга чара көрүп берүүнү суранган. Анткени алар жабырлануучуга 2021-жылдын ноябрь айында анын ишеничинен кыянаттык кылып пайдаланышып, алдоо жолу менен Ново-Павловка айыл өкмөтүнө караштуу айыл чарба багытындагы жер тилкесин үй салууга мүмкүн экендигине шылтоо кылып сатышкан. Найтыйжада жабырлануучуга 450 000 сомдон ашык акчага зыян келтиришкен.
Бул факты Кылмыштардын бирдиктүү реестрине Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси (алдамчылык) менен катталып, сотко чейинки өндүрүш иштери башталган.
Милиция кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам тергөө иш-чараларынын натыйжасында, жогорудагы кылмышка шектелип 1970-жылы туулган А.Т. аттуу жаран кармалып, убактылуу кармоочу жайга камакка алынган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: