Айыл чарба министри жылына 272 миң тоннага жакын минералдык жер семирткич керектелерин айтты
Айыл чарба министри Аскарбек Жаныбеков жылына 272 миң тоннага жакын минералдык жер семирткич керектелерин айтты. Бул тууралуу ал бүгүн, 14-апрелде Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.
Ал 100-115 миң тоннадай гана сырттан ташылып келерин белгиледи.
Жогорку Кеңештин жыйынында жазгы талаа жумуштарынын жүрүшү жана айылдык товар өндүрүүчүлөрдү жеңилдеттирилген насыялар менен камсыздоо маселелери талкууланууда.
Аскарбек Жаныбеков жазгы талаа жумуштарын жүргүзүүгө 76 пайыз күйүүчү май өлкөдө бар экенин айтты. Быйыл 1 миллион 232 миң гектар жерге айыл чарба өсүмдүктөр эгиле турганын кошумчалады.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
8:26
2025-07-21

10:35
2025-07-19

9:14
2025-07-19
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.