super.kg logo

Акы төлөп унаанын айнектерин күңүрттөө жөнүндө мыйзамга кол коюлду

 

Президент Садыр Жапаров "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын "Кыргыз Республикасындагы жол кыймылы жөнүндө", "Укук бузуулар жөнүндө кодексине", "Салыктык эмес кирешелер жөнүндө Кыргыз Республикасынын кодексине") өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" мыйзамга кол койду.

Мыйзамдын максаты - республикалык бюджетке салыктык эмес келип түшүүлөрдү көбөйтүү жана акы төлөө негизинде транспорт каражаттарынын ээлерине унаанын эшиктеринин алдыңкы жана каптал айнектерин күңүрттөөгө мыйзамдуу түрдө уруксат алуу мүмкүнчүлүгүн берүү. Башкача айтканда, тартип бузуу, кылмыштуулуктун санын азайтуу менен бирге бюджетке түшчү акча каражатынын көлөмүн көбөйтүү болуп саналат.

Мыйзамга ылайык, транспорт каражатынын алдыңкы эшиктеринин каптал айнектерин күңүрттөтүүгө ыйгарым укуктуу өкүлдүн уруксаты жок айдоочунун маңдайкы айнеги жана (же) алдыңкы эшиктеринин каптал айнектери, анын ичинде колдо жасалган, өнөр жайда даярдалган, же болбосо аларга тартылган пардалары же айнектеринде чагылышкан күңүрттөтүүчү жабуусу бар транспорт каражатын башкаруу - жеке жактарга 200 эсептик көрсөткүчтүн, юридикалык жактарга – 400 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.

Айыптын өлчөмү жана төлөө тартиби министрлер кабинетинин чечими менен аныкталат.

Дүйнөлүк практиканын анализи көрсөткөндөй, унаалардын терезелерин караңгылатуу дүйнөнүн жогорку өнүккөн өлкөлөрүндө колдонулат. Мисалы, АКШ, Япония, Кытай жана башка ушул сыяктуу өлкөлөрдө. Ошондой эле транспорт каражаттарынын маңдайкы айнегин жана (же) алдыңкы эшиктердин каптал айнектерин күңүрттөөгө акы төлөө негизинде бизге жакын кошуна Өзбекстан жана Тажикстан өлкөлөрүндө да уруксат берилген.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -3 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: