super.kg logo

Май айында кыргызстандыктар 9 күн катары менен эс алышат

 

Май айында кыргызстандыктар тогуз күн катары менен эс алышат. Министрлер кабинети май айындагы эс алуу күндөрүн жылдыруу боюнча чечимдин долбоорун жактырды. Мекеменин басма сөз кызматынан билдиргендей, беш күндүк иш жумасында иштеген мамлекеттик жана муниципалдык мекемелердин, ишканалардын кызматкерлери үчүн 1-майдан 9-майга чейин эс алуу күндөрү болот.

* 30-апрель ишемби күнгө туш келгени менен иш күнү болот (4-май, шаршемби);
* 6-майдагы (жума) иш күнү 14-майга жылдырылды (ишемби).

"Дем алыш жана жумуш эмес майрам күндөрүн сарамжалдуу пайдалануу максатында беш күндүк иш жумасында иштеген жеке менчик түрүндөгү юридикалык жактардын жетекчилерине министрлер кабинетинин 2022-жылдын май айына карата кабыл алынган чечимге ылайык майрам күндөрүн жылдыруу сунушталат", - деп айтылат билдирүүдө.

Эске салсак, 1-майда Эмгекчилердин эл аралык күнү белгиленет. 2-майга алдын ала Орозо айт туура келет. 1-май жекшемби күнгө туш келгендиктен 3-май эс алуу күнү болот. 5-май – Конституция күнү. 7 жана 8-май - ишемби жана жекшемби. 9-май – Жеңиш күнү.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: