super.kg logo

Жөлөк пул көбөйүп, 9 күндүк эс алуу болот. Бир жумада орун алган орчундуу окуялар

 

Бир жумада өлкөдө бир топ окуялар болду. Алардын арасынан өзгөчө пенсиялык системаны реформалоо, 1-класска баланы электрондук каттоодон өткөрүүдө орун алган окуялар менен эсте калды.

Анда сөз башынан болсун...

Бул апта мектеп жашындагы балдарды 1-класска кабыл алуу үчүн электрондук каттоо башталган жаңылык менен башталды. Каттоо башталары менен сайтта алгачкы чыккан "Кто ты детка?" деген суроо ата-энелерди ары таң калтырып, ары кыжырына тийди.

Шейшембидеги парламент жыйынында Социалдык фонддун төрагасынын орун басары Гүлнура Жуматаева өлкөдө аялдардын пенсияга чыгуу жаш курагын 2 жылга көтөрүү, пенсия жашында иштеп жаткан кызматкерлерге пенсия төлөбөө жана пенсияга чыгып, ишин улантып жаткан аскер кызматкерлерине пенсияны бербей турууну сунуштады. Муну менен Социалдык фонддун пенсиялык системаны реформалоо боюнча сунушу коомчулуктун кызуу талкуусунда калды.

12-апрелде кыргыз-тажик чек арасында куралдуу чыр орун алып, анын кесепетинен 6 жаран жаракат алды.

Май айындагы майрамдарга байланыштуу кыргызстандыктар 9 күн катары менен эс ала турган болуп, Бишкектеги Тарых музейинин иштөө убактысы узартылды. Ага удаа эле өлкөдө 9-май Жеңиш күнүнө карата аскердик парад уюштурулбай турган болду.

Бүгүн "Тазалык" ишканасынын кызматкерлеринин бир бөлүгү иш таштап, жаңы дайындалган жетекчисин кызматка келишине каршы болушту.

Апта аягы июнь айынан тарта жөлөк пулдар көтөрүлө турган жагымдуу жаңылык менен аяктап жатат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: