super.kg logo

"Күбөлөр суралып жатат". Анкарада Орхан Инандынын соту уланууда

 

Түркиянын Анкара шаарында "Сапат" билим берүү мекемесинин директору Орхан Инандынын иши боюнча сот уланууда. Бул тууралуу Түркиянын жергиликтүү басылмалары жазышты.

Маалыматка ылайык, сотто күбөлөр угулуп жатат. Анда Өзбекстандан атайын алынып барган Губруз Севилай суралган.

"Мен 2014-жылы Кыргызстанга жеке иштерим менен баргам. Ошондо Инандыга жолугуп, ишкерлик кылгым келип жатканын айткам. Ал дагы ишкерлик кылгысы келип жатканын айтты. Анан ал мени ишкерлик кылып жүргөн адамдар менен жолуктурду. Орто Азия өлкөлөрүндө таанышың болбосо ишкерлик кылуу оор. Кыргызстанга кетип бара жаткан 10 адамдан президент тууралуу сурасаң 3өө гана жооп берет. Ал эми 10 адамдын 8и Инанды жөнүндө билет", - деген Севилай.

Севилайдан тышкары сотто дагы 2 адам күбө катары суралган. Ошол эле учурда сот жактоочунун Орхан Инандыны бошотуу өтүнүчүн четке каккан.

Маалымат үчүн:

Орхан Инанды 2021-жылдын 1-июнунан бери дайынсыз болуп жаткан. 5-июлда Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган Орхан Инанды атайын операциянын негизинде колго түшүрүлүп, Түркияга жеткирилгенин кабарлаган. Былтыр ноябрь айында анын камактагы мөөнөтү узартылган.

Орхан Инандынын жоголушу боюнча окуянын хронологиясы менен шилтеме аркылуу өтүп тааныша аласыз.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: