super.kg logo

Садыр Жапаров "Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө" мыйзамга кол койду

 

Президент Садыр Жапаров “Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө” мыйзамга кол койду. Бул тууралуу президенттин администрациясынан билдиришти.

Мыйзам Жогорку Кеңеш тарабынан 2022-жылдын 6-апрелинде кабыл алынган.

Негизги максаты ресурстарды натыйжалуу жана үнөмдүү пайдалануу жолу менен максималдуу пайдага жетүү, туруктуу өнүктүрүү жолу менен улуттун бакубаттыгын жогорулатуу болуп саналат.

"Мыйзам мамлекеттик сатып алуулардын жол-жоболорун жөнөкөйлөтүүгө жана коррупцияны минималдаштырууга багытталган. Мында мамлекеттик сатып алуулардын 4 методу (чектелбеген, чектелген, котировкаларды сурап алуу, бир булактан алуу) каралган.

Мындан тышкары мамлекеттик жана муниципалдык ишканалардын, ошондой эле уставдык капиталга катышуу үлүшүнүн 50 жана андан көп пайызы мамлекетке таандык болгон акционердик коомдордун, анын ичинде алардын туунду чарбалык коомдорунун сатып алуулары мыйзам тарабынан жөнгө салынбай тургандыгы белгиленген", - деп жазылат маалыматта.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: