super.kg logo

Министрлик: "Алмазбек Исманкуловдун имарат боюнча милицияга жазган арызы канааттандырылган жок"

 

Бишкектеги №2 көп профилдүү клиникалык ооруканада, тагыраагы Алмазбек Исманкуловдун менчик клиникасында курулуш иштери мыйзамдуу жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Билдирүүгө ылайык, буга чейин Исманкулов Октябрь райондук ички иштер бөлүмүнө жазуу жүзүндө арыз менен кайрылган.

"Алмазбек Исманкулов атындагы көздүн микрохирургиясы ооруканасынын кире бериши белгисиз адамдар тарабынан тосулгандыгы тууралуу маалымат тастыкталган эмес. Октябрь райондук ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери Бишкек шаарынын мэриясы жана Саламаттыкты сактоо министрлигинин өкүлдөрү болгон эки мамлекеттик органдын макулдашуусу боюнча зарыл болгон сырткы оңдоо, курулуш жана чатырын жабуу иштери жүргүзүлүп жатканын аныкташкан", - деп билдиришти Саламаттыкты сактоо министрлигинен.

Белгилей кетсек, 10-мартта Алымкадыр Бейшеналиев көздүн микрохирургиясы клиникасынын жетекчиси Алмазбек Исманкулов менен телефон аркылуу байланышып, 3 сааттын ичинде клиниканы бошотуп коюуну айткан. Бирок имарат бошотулбаганына байланыштуу клиникага мөөр басылган. Кийинчерээк министр Исманкулов отурган имараттын эшигин ширеттирип салганын айткан.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: