super.kg logo

АКШ Кыргызстан менен кызматташуу боюнча жаңы келишимдерди түзүүгө даяр

 

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов АКШнын мамлекеттик катчысынын жарандык коопсуздук, демократия жана адам укуктары маселеси боюнча орун басары Узра Зея жетектеген делегация менен сүйлөшүүлөрдү жүргүздү. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан маалымдашты.

Билдирүүгө ылайык, пикир алышууда эки өлкө ортосундагы эки тараптуу кызматташтыктын учурдагы абалы жана аны өнүктүрүү келечеги талкууланды.

"Эдил Байсалов президент Садыр Жапаров тарабынан жарандардын бакубаттуулугун, ички саясий абалды жакшыртуу боюнча кабыл алынып жаткан чаралар, адам укугу жаатындагы жетишкендиктер тууралуу айтып берди.

Өз кезегинде мамлекеттик катчынын орун басары Узра Зея АКШнын Кыргыз Республикасы менен өз ара мамилелерди чыңдоого болгон умтулуусун белгиледи. Ал кызматташуу жөнүндө жаңы келишимге кол коюуга даярдыгын билдирип, өлкөлөр ортосундагы демократиялык укуктар маселеси боюнча өз ара мамилелердин жаңы баракчасын ачты", - деп жазылат маалыматта.

Эдил Байсалов биздин өлкөнүн эл аралык милдеттенмелерди, адамдын негизги укуктары менен эркиндиктерин, мыйзам үстөмдүгүн жактай тургандыгын белгилеп, ошондой эле өлкө жетекчилигинин АКШ менен кызматташууну активдештирүүгө даярдыгын билдирди.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: