super.kg logo

Депутат Айгүл Айдарова, ырчы Нурлан Насип менен чырдашкан кайгуул кызматкери кызматынан кол жууду

 

Ырчы Нурлан Насип жана Жогорку Кеңештин депутаты Айгүл Айдарова менен чырдашкан кайгуул кызматкери ээлеген кызматынан төмөндөтүү менен бошотулду. Аны менен катар үч кызматкер тартиптик жазага тартылды дешти Милициянын кайгуул кызматынан.

Маалым болгондой, социалдык тармактарга жарыяланган видео материал боюнча кызматтык иликтөө жүргүзүлгөн.

"Анда 20-мартта ырчы Нурлан Насип менен чырдашкан кызматкер 3-апрелде депутат Айгүл Айдарова менен да чырдашууга жол берген. Ошол видео тасмалар боюнча кызматтык иликтөө иштери жүргүзүлүп, жыйынтыгында кызматкер ээлеген кызматынан төмөндөтүү менен бошотулуп, ошол күндөрү анын жанындагы кесиптештери жооптуу кызматкер, жана командир взводу тартиптик жазага тартылды", - дешти басма сөз кызматынан.

Белгилей кетсек, 15-апрелде Жогорку Кеңештин депутаты Айгүл Айдарова менен кайгуул кызматкеринин өкүлүнүн ортосундагы кайым айтышуусу боюнча видео тараган.

Андан кийин эле кайгуул кызматкеринин ырчы Нурлан Насип менен болгон пикир келишпестиги туурасында видео чыккан.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 1 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: