super.kg logo

Таласта 7-класстын окуучу кыздары кечки тамактан ууланышты

 

Таласта 6 окуучу кыз тамакка ууланды. Саламаттыкты сактоо министрлигинен билдиришкендей, учурда окуучулар амбулатордук дарыланууда.

Белгилүү болгондой, 14-апрелде Талас шаарындагы лицейде окуган 7-класстын 6 окуучусу тамак-ашка ууланган.

"Жабырлануучулар кечки саат 20:00дө кечки тамактанууда буурчак шорпосу, кайнатылган тоок менен күрүч, чай, нан менен тамактанышканын айтышкан. Ошол эле күнү кечки саат 21:00дө Талас облустук оорукананын кабыл алуу бөлүмүнө кайрылышкан. Ооруканадан аларга биринчи медициналык жардам көрсөтүлгөн жана лабораториялык изилдөөгө анализдер алынган. Окуучулар окууларын улантышууда.
Жыйынтыктоочу билдирүү лабораториялык изилдөөнүн корутундусунун негизинде берилет",
- дешет басма сөз кызматынан.

Талас райондор аралык оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун иш-аракеттери:

1. Талас шаарындагы "Мээрим кыздар" лицейинде санитардык-эпидемиологиялык текшерүү жүргүзүлгөн;
2. Текшерүү маалында бактериологиялык изилдөөгө 14-апрелде даярдалган тамак-аш алынган;
3. Дезинфекциялык режимдин сапаттуу жүргүзүлүшүн аныктоо максатында 15 жуунду (смыв) алынган ( 2 ашпозчудан, 13 ашкана эмеректерден);
4. Бактериологиялык изилдөөгө ичүүчү таза суудан 1 (проба) алынган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: