super.kg logo

Бакыт Төрөбаев Бириккен Араб Эмиратынан келген «Masdar» компаниясынын өкүлдөрү менен жолугушту

 

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев Бириккен Араб Эмиратынан келген «Masdar» компаниясынын өкүлдөрү менен жолугушуу өткөрдү. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Бакыт Төрөбаев өлкөнүн гидроэнергетикалык потенциалы туурасында айтып берип, энергиянын жаңылануучу булактары жаатындагы долбоорлорду өнүктүрүүнүн артыкчылыгын белгилеп, биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууда кызматташууга чакырды.

Энергиянын жаңылануучу булактары жана шаарларды туруктуу өнүктүрүү тармагындагы дүйнөлүк лидер катары таанылган «Masdar» компаниясынын өкүлдөрү алгачкы этапта кубаттуулугу 200 мегаватт күн станцияларын куруу боюнча долбоорлорду ишке ашырууга кызматташууга даярдыгын билдирди.

Жолугушууда келечектеги кызматташуу маселелери талкууланды.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: