super.kg logo

Бишкекте Жусуп Абдрахманов тууралуу даректүү тасманын бет ачаары өттү

 

Мамлекеттик тарых музейинде «Жусуп Абдрахманов кыргыз мамлекетинин негиздөөчүсү» аттуу тарыхый даректүү тасмасынын бет ачаары өттү. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришти.

Ага мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетов, маданият министри Азамат Жаманкулов, белгилүү мамлекеттик жана коомдук ишмерлер катышты. Тарыхый тасманын сценарийин тарых илимдеринин доктору, профессор, Кыргыз Республикасынын илимине эмгек сиңирген ишмер Асан Ормушев жазган.

Фильмдин режиссёру - Мырзабек Айдаралиев.

Тасмада биринчи жолу тарыхый документтердин негизинде Абдрахмановдун ата теги, уялаш бир туугандары, орус-тузем мектебинде окуган учурлары жана Алматыдагы, Москвадагы, Оренбургдагы, Самарадагы архивдеги документтердин негизинде Жусуп Абдрахмановдун мамлекеттик ишмердүүлүгүн чагылдырган.

Тасмада белгилүү саясатчылар, тарыхчылар жана коомдук ишмерлер Жусуп Абдрахманов жөнүндө өздөрүнүн ой-пикирлерин кеңири билдиришкен.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: