super.kg logo

УКМК: 82 миллион сомдон ашык зыяндын орду толтурулду

 

82 миллион сомдон ашык зыяндын орду толтурулду. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Кылмыш-жаза кодексинин 336-беренесинин 1-бөлүмү менен козголгон кылмыш ишинин алкагында, Чүй облусунун Сокулук районунда жайгашкан «Бишкек машина куруучу завод» ААКга таандык болгон жалпы аянты 62 гектар жер тилкесин мамлекетке кайтарып берүү түрүндөгү 82 миллион сомдон ашык суммадагы зыяндын ордун толтурду.

"Тергөөнүн жүрүшүндө бул кылмышты уюштурууга прокуратуранын, Сокулук районунун мамлекеттик реестринин жана Бишкектеги машина куруучу завод (БМЗ) ААКсынын кызмат адамдарынын түздөн-түз катыштыгы бар экендиги аныкталган. Жүргүзүлгөн кылмыш ишинин алкагында Башкы прокуратуранын кызматкери, «БМЗ» ААКнын кызматкери жана эки жаран кармалды. Учурда кылмышка тиешеси бар башка адамдарды аныктоо боюнча тергөө жана ыкчам издөө иш-чаралары жүрүп жатат", - деп жазылат маалыматта.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: