super.kg logo

"Суу да берген эмес". Абактагы блогер Батмакан Жолболдуева эмнеге өз өмүрүнө кол салганы айтылды

 

Блогер Батмакан Жолболдуева эмне себептен тамырын кескени маалым болду. Бул тууралуу SUPER.KG порталына анын жактоочусу Назгүл Сүйүнбаева билдирди.

"12-апрелде Батмакандын баш коргоо чарасы каралгандан кийин ал убактылуу кармоочу жайдын башчысынан 5 мүнөткө сыртка чыгуусун суранган. Ошол учурда жетекчи ага «сен эмне кыйын болуп калгансың» деп кыйкырган. Жаңжалдан кийин убактылуу кармоочу жайдын башчысы күзөтчүлөргө Батмакан Жолболдуевага суу да бербегиле деп буйрук кылган. Ага чейин Батмаканга төрт күн бою туугандары алып келген тамак-аш берилбей келген. Эртеси убактылуу кармоочу жайдын башчысынын кордугуна чыдай албай тамырын кескен. Батмакан ооруканадан чыккандан кийин аны дароо Жалал-Абад облусундагы СИЗОго которушкан", - деди Назгүл Сүйүнбаева.

Эскерте кетсек, журналист Арзыгүл Галымбетованын өлүмүнө шектелип кармалган блогер Батмакан Жолболдуева убактылуу кармоочу жайдан колунун кан тамырын кескени маалым болгон.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: