Ошто милиция кызматкерлери жапырт ишембиликке чыгышты









Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын бардык бөлүмдөрү менен кызматтарында ишембилик болуп өттү. Бул тууралуу аталган мекеменин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, милиция кызматкерлери өздөрү кызмат өтөшкөн имараттардын айлана-чөйрөлөрүн тазалашты. Эскирип калган сырлар көчүрүлүп, сырдалды. Айрым бөлүмчөлөр кооздук үчүн гүлдөрдүн жаӊы көчөттөрүн отургузушту. Башкармалыктын жетекчилиги тарабынан бул иш чараны аткаруу да сапатка көнүл буруу зарылдыгы эскертилген. Ошондуктан белгиленген тапшырмалар аткарылган соӊ дагы анын сапаты текшерилип, кошумча көрсөтмөлөр берилип жатты.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
9:00
2025-07-20

10:35
2025-07-19

9:14
2025-07-19
Рейтинг:
2

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.