Ат-Башыда карышкыр чабандын аялына кол салды
Ат-Башыда карышкыр чабандын аялына кол салды. Бул тууралуу SUPER.KG порталына райондун акиминин орун басары Болот Абдыжапаров билдирди.
Анын айтымында, окуя 15-апрелде Ак-Сай өрөөнүндө болуп, карышкыр топоз баккан адамдын аялына кол салган.
“2000-жылы туулган Айдай Мукаш кызы жабыркаган. Күйөөсү топоздорду караганы кетип, ал тезек тергени чыккан. Ошол учурда карышкыр кол салып, бактыга жараша, келин анын кокосунан кармап калууга жетишкен. Колуна тийген таш менен чапкылай баштаганда карышкыр качып кеткен.
Бизге Кында чек ара заставасынан байланышып, окуя тууралуу айткандан кийин дароо ветеринар, санэпидемстанциянын өкүлдөрү менен биргеликте келинди “Тез жардам” менен алып келдик. Учурда райондук ооруканада жатат. Колдору, буттары тытылган, абалы канаатандырарлык”, - деди Абдыжапаров.
кошулду


