super.kg logo

Кыргыз-казак чек арасында тизилген жүк ташуучу унаалар боюнча өкмөттүк деңгээлде эки тараптуу сүйлөшүү болду

 

Кыргыз-казак чек арасында тизилген жүк ташуучу унаалар боюнча өкмөттүк деңгээлде эки тараптуу сүйлөшүү болду. Бул тууралуу Министрлер кабинетинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, 15-апрелде Евразия экономикалык комиссиясынын кеңешинин жыйынынын алкагында Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Арзыбек Кожошев жана Казакстандын премьер-министринин орун басары – соода жана интеграция министри Бахыт Султанов жолукту. Анда атка минерлер Кыргыз Республикасынын аймагынан Казакстан Республикасына жана Орусия Федерациясына багыт алган жүк ташуучу унаалардын токтоп тургандыгы боюнча маселени талкуулады.

Арзыбек Кожошев белгилегендей, үстүбүздөгү жылдын март айынын соңунда видеоконференцбайланыштын жүрүшүндө жетишилген макулдашуулар толук көлөмдө ишке ашырылбай жатат.

«Биз коштоочу документтери туура эмес же документи такыр жок болсо, казак тарап мындай унааларды артка кайтарып берет деп макулдашканбыз. Иш жүзүндө жүк ташуучу унаалардын кезеги күн өткөн сайын көбөйүүдө», - деди Кожошев.

Ал ошондой эле келишимдер бир жактуу аткарылбай жаткан болсо, биздин эки тараптуу мамилелерибизге кесепети тиерин кошумчалады.

Маселени тыкыр талкуулоодон соң, 19-апрелде казак тарап менен эки өлкөнүн тийиштүү мамлекеттик органдарынын катышуусунда кыргыз-казак мамлекеттик чек арасындагы токтоп турган жүк ташуучу унаа каражаттарынын маселесин чечүү боюнча конкреттүү чараларды кабыл алуу үчүн видеоконференцбайланыш режиминде кеңешме өткөрүү чечими кабыл алынды.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: